Site icon Reporter.kg

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Гасанов каза болду

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, эмгек сиңирген куруучу Асад Гасанов каза болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Андагы маалыматтарга караганда, Асад Гасанов 1942-жылы Кызыл Армиянын катарына Түндүк Кавказ фронтуна чакырылып, Краснодар жана Ставрополь аймагындагы салгылашууларга катышкан. 10-зениттик минометтук дивизиянын курамында Брянск, Карачев, Минск, Варшава шаарларын бошотууга катышкан. Улуу Жеңишти Берлинде тосуп алган. Ата Мекендик согуш, «Ардак Белгиси» ордендеринин кавалери, республиканын 16 күжүрмөн эмгек медалдары жана Ардак грамоталары менен сыйланган.

Ал пенсияга чыкканга чейин курулуш трестинин башкаруучусу, шаардык аткаруу комитетинин капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги, Бишкек шаарынын башкы архитекторунун орун басары болуп иштеген. Өмүрүнүн акыркы жылдарында Кыргызстандагы азербайжандардын коомдук бирикмесинин вице-президенти болгон.

«Асад Хасан-Оглы Хасанов – чексиз туруктуулуктун, кайраттуулуктун жана акылмандыктын үлгүсү. Анын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Шаардык муниципалитет туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат”,-деп белгилешти мэриядан.

Exit mobile version