Site icon Reporter.kg

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сомдон берилет

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сом өлчөмүндө бир жолку колдоо көрсөтүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Мамлекет башчынын буйругуна ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эрдигин эске алып, аларга 70 миң сомдон  бөлүндү.

2021-жылдын 1-апрелине карата маалымат боюнча Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 146 ардагери бар.

Exit mobile version