Улуу Британия жана Бахрейнде жүргөн мекендештер Дубай аркылуу өлкөгө кайтып келди

Улуу Британия жана Бахрейнде жүргөн мекендештер Дубай аркылуу өлкөгө кайтып келди

Бириккен Араб Эмиратынын Дубай шаарынан 122 кыргызстандык мекенине жеткирилди. Чартердик каттам менен келген мекендештердин арасында Улуу Британия жана Бахрейнде жүргөндөр дагы бар. Бул тууралуу республикалык штадан кабарлашты.

Улуу Британия жана Бахрейндеги мекендештер Дубайдын аэропортунан Emirates airlines авиакомпаниясы аркылуу Кыргызстанга транзиттик каттамга отурушкан.

Дубай шаарынын аэропортунда каттамга каттоо алдында жүргүнчүлөрдөн коронавирус инфекциясына экспресс-тесттер алынып, жыйынтыктары терс чыккан.

Дубай-Бишкек маршруту боюнча кийинки каттамдар 17, 24 жана 31-июлга пландалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>