Улуу Британияда коронавируска каршы вакцинанын клиникалык сыноосу башталды

Улуу Британияда коронавируска каршы вакцинанын клиникалык сыноосу башталды

Улуу Британияда коронавируска каршы Оксфорд университетинде иштелип чыккан вакцинанын клиникалык сыноосу башталды. Сыноого өлкөнүн түрдүү шаарларынан миңден ашык ыктыярчы катышат.

Вакцина шимпанзе вирусунун негизинде даярдалып, курамына жаңы типтеги коронавирустун генетикалык коду кошулган. Изилдөөчүлөр тесттердин жыйынтыгы жарым жылдын ичинде даяр болорун билдиришүүдө.

Дүйнөдө COVID-19га каршы вакцина иштеп чыгуу менен ондогон лаборатория алектенип жатат. Апта башында Германияда ыктыярчыларга тестирлөө жүргүзүлө баштаганы кабарланган.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, ушу тапта дүйнө боюнча 70 вакцина иштелип чыгууда. Адистердин пикиринде, жапырт пайдалануу үчүн вакцина 2021-жылдын башында даяр болот.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>