Site icon Reporter.kg

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II каза болду

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 96 жашында каза болду. Бул тууралуу бейшемби күнү, 8-сентябрда Букингем сарайы билдирди.

Ханыша бүгүн түштөн кийин Балморал сепилинде дүйнөдөн кайтты.

Анын тун уулу Уэльстин принц Чарльз жаңы монарх болуп калды.

Елизавета II 1926-жылы 21-апрелде туулган.  Ал 1952-жылы 6-февралда атасы король Георгий VI каза болгондон кийин 25 жашында такка отурган.

2022-жылдын июнь айында өлкө ханышанын британ тактысына отурганынын 70 жылдыгын белгиледи. Улуу Британияда анын башкаруусу учурунда 15 премьер-министр алмашты — Уинстон Черчиллден Лиз Трасска чейин, аны ханыша бул кызматка 2022-жылдын 6-сентябрында дайындаган.

1947-жылы болочок ханыша Филипп Маунтбаттенге турмушка чыккан.  Андан Чарльз, Эндрю, Эдвард жана Принцесса Анна төрөлгөн. Тактынын мураскору принц Чарльз, андан кийин анын тун уулу Принц Уильям, андан кийин Уильямдын балдары Жорж, Шарлотта жана Луис турат.

Королеванын күйөөсү Принц Филипп 2021-жылдын 9-апрелинде, анын 100 жылдыгына эки ай калганда каза болгон.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version