Site icon Reporter.kg

Улуу Британиянын премьер-министри коронавирус жуктуруп алды

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирус жуктуруп алганын айтты. Бул тууралуу РИА новости басылмасы жазыды.

“Соңку суткада коронавирустун белгилерин байкай баштадым.Тест тапшырганымда ооруну жуктуруп алганым ырасталды”, — деген ал  «Твиттердеги» видео кайрылуусунда.

Буга чейин ханзаада Чарльз COVID-19 илдетинин жеңил түрүнө кабылганы айтылган.

Соңку маалыматтар боюнча дүйнөдө 549 миңден ашык адам коронавирус жуктуруп алса, 24 миңден ашыгы көз жумган.

Кыргызстанда бул ооруга чалдыккандардын саны 58 адамга жетти.

Exit mobile version