Site icon Reporter.kg

«Улуу-Тоо» ресторанында «Кыз узатууга» келген коноктор ууланды

Бишкек шаарынын Сухэ Батор көчөсүндөгү «Улуу-Тоо» рестораны убактылуу жабылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Аталган тамактануучу жайда 15-апрелде жана 18-апрелде өткөн «Кыз узатуу» тойлорунда коноктор ууланган.

Биринчи иш чарадан кийин 12, экинчиде 27 адам медициналык жардам сурап кайрылган.

Ресторан текшерилип, тамактардын үлгүсү лабораторияга жөнөтүлдү.

«Улуу-Тоого» 13 миң сом өлчөмүндө айып салынып, анализдер чыкканга чейин иши токтотулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version