Site icon Reporter.kg

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрү

Дүйнөдө эки Чыңгыз жашап өттү. Бири ааламды кылычы менен багындырса, экинчиси калеми менен багындырды. 

Бүгүн, 12-декабрь – кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Көзү тирүү болгондо жазуучу 95 жашка чыкмак.

Айтматов 1928-жылы Таластын Шекер айылында жарык дүйнөгө келген. 2008-жылы көз жумган.

Жазуучунун китептери дүйнөнүн 176 тилине которулуп, жер шарынын 128 өлкөсүндө 100 миллиондон ашык нуска менен басылып чыккан. Анын «Жамийла» повести ондогон тилдерге которулган. Немис тилинде гана бул повесть 37 жолу кайра басылып чыккан.

Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрү:

Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу

***

Адамдын башкаларга кылар эң чоң жакшылыгы — үйүнөн адам болор балдарды тарбиялап өстүрүү

***

Эгер Ата-Журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен алып жүрөр нерсе болсо, анын баасы сокур тыйынга татыбас эле

***

Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт

***

«Дос кыйынчылыкта билинет» дешет. Менимче, бактылуу кезиңде да билинет

***

Сени тааныгандар жашап жатканда сен тирүүсүң

***

Өмүрдүн чыныгы баркы ишенимде, бактысы да ишенимде

***

Сүйүүдөн аалам жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк

***

Миңдеген адамдын арасында сен жалгызсың, жалгыз өзүң калганда да жалгызсың…

***

Тил — улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл-эси

***

Тилсиз улут болбойт

***

Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз

***

Эң ириде өзүңдүн киндик кан тамган жериң тууралуу ойлонгондо, жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың

Exit mobile version