Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата согуш ардагерлерине 75 миң сомдон бөлүнөт

Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата согуш ардагерлерине 75 миң сомдон бөлүнөт

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир  жолу төлөнүүчү жөлөк пул катары 75 миң сомдон бөлүнөт. Тиешелүү жарлыккка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун Президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлайт.

2020-жылдын 4-мартына карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 251 ардагери жашайт.

Алар:

  • Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары  — 65;
  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары — 153; 
  • Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында жашы жетелек кезинде туткун болгон адамдар — 15 ;
  • 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейин курчоодо калган Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган, ошондой эле «Курчоодогу Ленинград тургуну» белгиси менен сыйланган адамдар — 18.

Жогоруда айтылган ар бир ардагерге бир жолку төлөнүүчү акчалай жөлөкпул катары 75 миң сомдон бөлүнөт.

2010-жылдын 1-январынан тартып Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация берилип келет. Жеңилдиктердин ордуна берилген акчалай компенсациянын көлөмү айына 7000 (жети миң) сом.

Ошондой эле 2010-жылдын 1-январынан тартып, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Президенттин өмүр бою берилчү стипендиясы төлөнөт. Стипендиянын көлөмү айына 10 000 (он миң) сомду түзөт.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация жана Президенттин стипендиясынан сырткары ай сайын пенсия алышат.

Белгилей кестек, быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы Кыргызстанда бүткүл элдик майрам катары эң жогорку деңгээлде белгиленет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>