Минск шаарында Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигинин алдында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына жана Беларусту бошотуу үчүн салгылашкан кыргызстандык жоокерлерди эскерүү митинг-реквиеми өттү.
Элчиликтин маалыматына ылайык, иш-чараны Минск шаарынын Октябрь районунун администрациясы менен элчилик биргеликте уюштурган.
Иш-чарага Беларустун Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, КМШ мамлекеттеринин элчилери, КМШнын Аткаруу комитетинин жана ЕАЭБ Сотунун өкүлдөрү, Минск шаарында жашаган кыргызстандыктар, Октябрь районунун коомдук уюмдарынын, ишканаларынын жана жаштар кыймылдарынын өкүлдөрү катышты.