Site icon Reporter.kg

“Улуу-Журт” партиясы өкмөт башчыга өлкөгө өзгөчө абал киргизүүнү сунуштады

“Улуу-Журт” саясий партиясынын төрагасынын орун басары Мирлан Орозбаев премьер-министр Кубатбек Бороновго коронавирустун күн сайын көбөйүп жатканы тууралуу кайрылуу жасады.

Мирлан Орозбаевдин кайрылуусунда төмөндөгүлөр жазылган.

«Урматтуу Кубатбек Айылчиевич, өлкөдө өзгөчө абал режими алынгандан кийин COVID-19 оорусун жуктургандардын саны күн санап өсүүдө. 24-июнга карата эле 207 кишиден бул оору аныкталды. Калкы аз Кыргызстаныбыз үчүн бул чоң көрсөткүч болуп эсептелет. Өкмөт, облус жетекчилери жарандарга байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бирок бул иштерге карабастан, элибиз адамдар көп топтолгон жерлерге баруусун токтоткон жок.
Кафе-ресторандарда ар кандай иш-чаралар жашыруун өткөрүлүп, ага 200дөн ашуун кишилер катышууда. Өкмөттүн 50дөн көп киши чогулган иш-чара өткөрүүгө болбойт деген чечимин аткарган киши жок. Андай мекемелердин ээлерине салынып жаткан айып пулдардын суммасы да өтө аз, андыктан кафе-ресторандардын ээлери өкмөттүн токтомун тоготпой жатат.

COVID-19 оорусун жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп жаткандыгына байланыштуу, өлкөгө өзгөчө абал режимин киргизүүнү сунуштайм. Күнүмдүк каражатка жан баккан калктын аярлуу катмарынын иштешине тоскоолдук жаратпай, эл көп чогулган меккеме-ишканалардын, тамактануучу жайлардын ишин өлкөдө абал турукташканга чейин токтотуп туруу зарыл», — деп жазган ал кайрылуусунда.

Белгилей кетсек, 24-июнга карата өлкөдө жалпы 3 миң 726 адам коронавирус жуктуруп алган. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 42. 

Exit mobile version