Site icon Reporter.kg

Умрага жөнөтөм деп 20 адамдан 75 миң сомдон алган аял кармалды  

Баткен облусунда кичи ажылык сапарга (умра) жөнөтөм деп элдерден акча алган аял кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБге акыркы бир ай аралыгында умра кичи ажылык сапарына жөнөтөм деп акчабызды алып, сапарга жөнөтпөй, бизди алдап жүрөт деген таризде жалпысынан 16 арыз түшкөн.

Бул арыздар Кадамжай РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кадамжай РИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын негизинде 9-август күнү Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын эч жерде иштебеген 39 жаштагы А.Б. аттуу тургуну Ош шаарында жүргөн жери аныкталып кармалды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары кармалган А.Б. 20 адамдын ар биринен 75000 сомдон акча алып жүргөнү белгилүү болду.

Учурда кармалган шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version