Site icon Reporter.kg

«Унаа» ишканасынын 6 бөлүмү карантинге жабылды

Элдин топтолушун чектөө жана коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында «Унаа» ишканасынын Нарын, Сүлүктү, Балыкчы, Каракол, Кочкор, Жумгалдагы бөлүмдөрү 19-июлга чейин карантинге жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, эпидемиологиялык кырдаалдын начарлаганына байланыштуу «Унаа» ишканасынын Бишкек шаардык жана Аламүдүн, Ысык-Ата райондук бөлүмдөрү 6-июлдан тартып 19-июлга чейин карантинге жабылган.

«Андан тышкары, Бишкек шаардык бөлүмүнүн Аймактар аралык секторунун («Риом» авторыногу) иш күндөрү кыскартылып, ал ишемби, жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү иштейт», — деп билдирет аталган кызматтан.

«Унаа» ишканасынын иши боюнча маалымат жана кеңештерди алуу үчүн 0312633174 жана 0312633931 номерлерине кайрылууга болот.

Exit mobile version