Site icon Reporter.kg

Унаа кулап кеткен: Ысык-Көлдө испаниялык жубайлар куткарылды

Ысык-Көл облусунда унаасы оодарылып кеткен чет элдик жубайлар куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Суу районунун Шахта-Жыргалаң айылына караштуу мейманканалардын биринен маалымат түшүп, анда чет өлкөлүк эки жаран куткаруу кызматына муктаж экендиги айтылган.

“Жол кырсыгына кабылган жарандарды куткаруу үчүн 7-Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан тартылган 8 куткаруучу тарабынан Испаниядан келген 36 жаштагы жубайларга жардам көрсөтүлүп, автоунаа тартып чыгарып берилди.Жабыркагандар жок”, — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version