Site icon Reporter.kg

«Унаа» мекемесинин адиси Абхазиядан келген унааны мыйзамсыз каттаган

Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмүнүн адиси А.М.М. кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда,  «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан Абхазиядан келген, тиешелүү бажы жол-жоболорунан өтпөгөн «Лексус GX-470» үлгүсүндөгү унаага Орусиядан келген делген жасалма документтердин негизинде автотранспорт каражатына каттоо күбөлүгүн жана Кыргызстандын мамлекеттик номурун каттап бергендиги аныкталды, натыйжада мамлекетке 1 млн 870 миң 586 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

24-март күнү жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык башкармалыгынын адиси А.М.М. Кыргыз Республикасынын кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмышка шектүү катары кармалып, Жалал-Абад шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Exit mobile version