Site icon Reporter.kg

«Унаа» мекемесинин кызмат адамдары түзгөн коррупциялык схема аныкталды

«Унаа» мамлекеттик мекемесинде жарандарга айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө туруктуу коррупциялык схема түзүп алышкандар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери автомектептердин мугалимдери менен жең учунан сүйлөшүп алышып, айдоочулардын тестирлөөсүнүн автоматташтырылган системага кирүү менен тестирлөөнүн жыйынтыктарын бурмалашкан. Натыйжада, айдоочулук мектептерде тиешелүү окуудан өтпөгөн адамдарга айдоочулук күбөлүк берилип жүргөн.

Мындан улам, Ош шаарындагы «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси А.А.М. жана Ош облусу боюнча жетекчиси А.Б.Ж. компьютердик тестирлөөдөн жана практикалык башкаруудан «ийгиликтүү» өткөндүгү үчүн автомектептердин бүтүрүүчүлөрүнөн 5000 сом өлчөмүндө каражатарды системалуу түрдө алып турган фактылар аныкталган. Ал эми «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бүтүрүүчүлөрү биринчи жолку экзаменде эле айдоочулук күбөлүк алышкан.

УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине жарандарга айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча сунуштары бирнече жолу берилип келгени айтылат.

Билдирүүгө таянсак, учурда ушуга окшогон схемаларды «Унаа» мамлекеттик мекемесинин башка аймактык бөлүмдөрүндө түзүлгөндүгүн аныктоо, ошондой эле коррупциялык схеманын бардык катышуучуларын жоопко тартуу иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version