Президент Садыр Жапаров салыктар жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.
Анын айтымында, жарлыкка ылайык жарандар унаа салыгынан бошотулат. Бул салык күйүүчү майдан жаңы жыйым алына баштагандыктан жоюлуп жатат. Белгилүү болгондой, 1-январдан тарта күйүүчү майдын ар бир литринен 1 сомдон алынууда.
«Транспортко мындан ары салык алынбайт, анын ордуна 1-январдан тарта ар бир айдоочу унаасына куйган ар бир литр бензин же дизелден бир сомдон алынып баштады», — дейт Жапаров.
Андан тышкары буга чейин унаа салыгын төлөбөй келген адамдардын карыздары кечилет.
«Бул салыктын түрүн төлөбөй жүргөндөр ого эле көп экен. Мамлекет үчүн канчалык оор болсо да баарын кечтик», — дейт президент.
Ошондой эле юридикалык жана жеке ишкерлердин 2022-жылдын 1-январына чейинки карыздары да кечилди. Ага чейинки салыктар эми текшерилбейт.
Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз боюнча жумушчу топ түзүлүп, алар бир ай ичинде өз сунуштарын даярдап келет.
Аны менен бирге дыйкандарды жер салыгынан бошотуу боюнча чечим 2030-жылга чейин узартылды. 2030-жылы сугат маселеси толугу менен чечилгенден кийин салык кайра алына баштайт.
Сөз аягында Жапаров элден чогулган салыктын эсебинен пенсия, жөлөкпул, эмгек акылар төлөнүп, мектеп, бала бакчалар, жол салынарын белгилеп, жарандарды салыктан качпай төлөөгө чакырды.