Site icon Reporter.kg

Унаа салыгын 1-сентябрга чейин төлөгөнгө үлгүр

Салык төлөөчүлөрдүн эсине! Транспорттук каражаттарга (IV группадагы мүлк) салык төгүү мөөнөтү жакындап жатат – мамлекет алдындагы милдетти 2022-жылдын 1-сентябрына чейин аткаруу керек.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, салык өз учурунда төгүлбөсө жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сомдон айып салынат.

Транспортко салыкты MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун MegaPay тиркемеси аркылуу төмөнкү артыкчылыктарды колдонуу менен төлөсө болот:

MegaPay аркылуу салыкты кантип онлайн эсептеп, төлөсө болот?

Даяр! Кызмат үчүн комиссия – 20 сом.

Акча каражатын которуу максималдуу тез убакта жүрүп, төлөмдү тастыктаган чек «Төлөм тарыхына» автоматтык түрдө сакталат. Төлөмдүн статусун, ошондой эле МСКнын сайтынан ИИН аркылуу, реквизиттин номери жана чектин датасы аркылуу да текшерсе болот.

Убактыңызды жана акчаңызды үнөмдөңүз – MegaPay’дин санариптик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалан.

Exit mobile version