Унаа сатам деп 53 миң доллар алган. Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

Унаа сатам деп 53 миң доллар алган. Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

Унаа алып келип берем деп ири суммадагы акча каражатына алдап кеткенге шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-февралда Д.И. аттуу жабырлануучу райондук милицияга арызы менен кайрылган. Анда А.И. атуу адам 2019-жылы “Land Cruiser- 200” унаасын алып келип берүүнү убадалап, 53 доллар акча алганын жана убадасын аткарбай, качып жүргөнүн билдирген.

Аталган факты боюнча 204-берене (алдамчылык) менен иш козголгон.

Тергөөнүн алкагында 41 жаштагы А.И. кармалып, Октябрь райондук сотунун чечими менен СИЗО-1ге 2 айга камакка алынган.

Учурда ушул сыяктуу башка иштерге тийешеси бар же жоктугу аныкталып жатканы айтылат.

Шектүүдөн жабыр тарткан же кандайдыр бир маалыматка ээ болгон адамдар 0(708) 06-49-26, 0(557) 33-33-53 жана 102 номеру аркылуу байланышса болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>