Site icon Reporter.kg

Унаа сатам деп, акча алган. Алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын март айында Бишкек шаарынын тургунун А. аттуу жаран Toyotа Camry унаасын сатам деген шылтоо менен 173 миң сом жана 300 доллар акчасын алып, алдап кеткен. Жабырлануучу 18-мартта милицияга кайрылып, аны алдап кеткен жаранга чара көрүүнү суранган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 37 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды 0(703) 10-22-61, 0(704) 10-27-02 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version