«Toyota 4Runner» үлгүсүндөгү унааны Бишкектин “Кырк-Кыз”, “Гагарин” көчөлөрүнүн кесилишинен уурдап кетишкен. “Э.Ө” аттуу жаран милицияга кайрылып, иш иликтөөгө алынып, кылмышка шектүүлөр колго түшкөнүн шаардык милициядан кабарлашты.
Учөөнүн бири өспүрүм болгон. 2003-жылы туулган У.У, 2005-жылы туулган М.С., 2001-жылы туулган К.С. атту жарандар экени ачыкталган. Унаа Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында жол кырсыкка кабылган жеринен табылган.
Учурда иш тергөөдө.