Унаа уурдоого айыпталып 2 өспүрүм кармалды

Унаа уурдоого айыпталып 2 өспүрүм кармалды

Автоунаа уурдоого шектелип 2 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-февралда Бишкек шаарындагы Жогорку Төкөлдөштө ВАЗ-2114 үлгүсүндөгү автоунааны уурдап кетишкен. Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 18 жаштагы Ж.Н. жана 21 жаштагы Ч.Р. аттуу балдар кармалган.

Шектүүлөр тергөө иштери үчүн ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>