Site icon Reporter.kg

Унаа жуучу жайларда сууга болгон бааны көтөрүү сунушталды

Унаа жуучу жайлар үчүн суунун баасын көтөрүү керек. Мындай демилгени Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Көкүмбек Таштаналиев көтөргөнүн Кабар агенттиги жазып чыкты.

Анын айтымында баа канчалвк кымбат болсо унаа жуучу жайлар сууну үнөмдөөгө өтүшөт.

Жаңы гана ишке кирген мамлекеттик агенттик алгачкы ишин суу ресурстарын колдонуу боюнча саясатты жана планды иштеп чыгуудан баштамакчы.

Белгилей кетсек, Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги 1-августта түзүлгөн.

 

Exit mobile version