Унаалардын катализаторлорун Европага экспорттогондорго бөгөт коюлду — сүрөт

Унаалардын катализаторлорун Европага экспорттогондорго бөгөт коюлду — сүрөт

Унаалардын катализаторлорун сатып алып жана экспорттогондордун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, автомобиль катализаторлорун массалык түрдө мыйзамсыз сатып алып, аларды Европа өлкөлөрүнө экспорттогондордун схемасына бөгөт коюлган.

Ушул жылдын 23-февралында контрабандалык жол менен Литвага 2 тоннага жакын автомобилдик катализаторлорду экспорттоп жаткандар аныкталган.

Мындан сырткары, 9-апрелде Бишкекте катализаторлорду чогултуп, сатып алып жүргөндөрдүн 12 пунктту табылган. Ал жакта чет өлкөлөргө жөнөтүү үчүн сакталып турган көп сандагы кайра иштетилген субтракттар жана автомобиль катализаторлору алынган.

Учурда УКМК автомобиль катализаторлорунун контролсуз сатып алынышын жана экспорттолушун кыскартуу жана экологиялык абалды жакшыртуу максатында, мамлекеттик кызматкерлердин ушул коррупциялык схемага катышы бардыгын аныктоо боюнча керектүү комплексттик иш-чараларды жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, милдеттендирилген техникалык кароону жойгондон кийин, тейлөө бекеттериндеги автомобилдик катализаторлорду массалык түрдө алып салуу, аларды кийинчерээк чет өлкөлөргө сатуу тенденциясы өсүүдө, анткени катализаторлор (платина, палладий жана родий) баалуу металлдарды камтыйт жана эбегейсиз киреше алып келет.

Учурда ыйгарым укуктуу органдары тарабынан унаа катализаторлорун экспорттоого жана сатып алууга тыюу салуу маселелери каралып жатышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>