Site icon Reporter.kg

Унаасы «токоч» болуп калган. Оштогу жол кырсыктан Орусиянын үч жараны өлдү — видео

Оштогу кырсыктан Орусиянын үч жараны каза болду. Бул тууралуу ЖККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, кечээ түнү Гапар Айтиев көчөсүндө Hyundai SantaFe кроссовери жарнак тактасын сүзгөн. Айдоочу жана эки жүргүнчү каза болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, чет элдик унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган. Каза болгон үчөө тең Орусиянын жарандары.

«Жол кыймылынын бардык катышуучулары жол эрежесин билип, сактоого милдеттүү. Жолдогу тартип ар бирибизден башталат», — деп билдирди Жол кайгуул кызматы.

Exit mobile version