Site icon Reporter.kg

УОКтун президенти: Кыргызстанда регбинин деңгээли өсүүдө

Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов регби Азиянын жетекчилиги менен жолугушту.

Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Мамытов регби боюнча Азиянын курамына кирген федерациялардын жыйынына чакырылган.

«Быйылкы жылдан бери Кыргызстанда регбинин өнүгүү темпи байкаларлык өстү. Жазында УОК, ЭОК, КР Регби федерациясы жана Азия регбиси Бишкекте машыктыруучулук семинар өткөрүшкөн. Бул маанилүү долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун жакшы мисалы. Биз спорттун бул динамикалуу жана укмуштуудай олимпиадалык түрүн мындан ары биргелешип өнүктүрүүгө даярбыз», — деди Садыр Мамытов.

Регби Азия бул спорттун биздин континентте өнүгүшүнө жооптуу эл аралык спорт уюму. Анын лидерлиги Бишкекке үчүнчү дивизиондун командалары арасындагы Азия чемпионатына келген.

Exit mobile version