Site icon Reporter.kg

Урумчи — Бишкек — Урумчи авиа каттамы убактылуу токтотулду

Урумчи — Бишкек — Урумчи авиа каттамы 2-февралга чейин токтотулду. Бул тууралуу ОАО Эл аралык «Манас » аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Кытай Жаңы-жылды 25-январда белгилейт. Ага байланыштуу өлкөдө бир жума эс алуу жарыяланат. Бул күндөрү Кытай чек арасын дагы күчөтүлгөн тартипке которуп, же жабат.

Ага байланыштуу Кытай менен авиакаттам бүгүндөн баштап учпайт.

Exit mobile version