USAID уюму Кыргызстанга коронавирустан коргонуучу каражаттарды тапшырды — сүрөттөр

USAID уюму Кыргызстанга коронавирустан коргонуучу каражаттарды тапшырды — сүрөттөр

USAID уюму Кыргызстанга коронавирустан коргонуучу каражаттарды тапшырды. Бул тууралуу аталган уюмдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Медикалык жана башка кызматкерлер үчүн 10 миң хирургиялык беткап, 10 миң мээлей, 1,4 миң хирургиялык костюм жана 200 коргоочу көз айнек берилди.

Берилген жабдык инфекциялык ооруларда коргоо боюнча эл аралык стандарттарга жооп берет.

Кыргызстанда азырынча бир дагы коронавирус учуру каттала элек. Бирок, бул жабдык азыр карантин аймактарында иштеп жаткан жана Кыргызстанга келгендерди тосуп алган адамдардын сактыгына өтө маанилүү.

[su_image_carousel source=»media: 23228,23226,23224,23225,23227,23223″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>