Site icon Reporter.kg

Ушул тапта Бишкектеги 3-балдар ооруканасына күнүнө 350дөй бала кайрылып жатат

Бишкек шаардык балдар клиникалык медициналык тез жардам ооруканасына  ушул тапта күнүнө 300-350дөй бала кайрылып, оорукана күнү-түнү тынымсыз иштеп жатат. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.

Мекеменин маалыматында, бул күндөрү кайрылуулардын саны абдан көп болууда. Муну менен бирге ата-энелер көп учурда балдарын жетишсиз себептер менен алып келип жатканы, алар кайрылып жаткан маселени үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, дежур үй-бүлөлүк дарыгерлердин жардамы менен эле чечүүгө мүмкүн экендиги айтылды.

«Амбулатордук-диагностикалык бөлүмдө (АДБ) 9 педиатр, ЛОР-доктуру жана невролог иштеп жатышат. Бир суткада АДБ аркылуу 300дөн 350гө чейин бала текшерүүдөн өтүп жатат. Мындан тышкары, травматологдор бейтаптарды өзүнчө электрондук кезек аркылуу кабыл алышууда. Алар күнүнө 2–3 травматолог 300–350 баланы тейлеп жатат. Хирургдарга болсо суткасына 100–130га чейин бейтап кайрылууда.

Айрыкча кечинде жана түнкү убактарда ооруканада узун кезектер жаралууда. Ата-энелер баланын абалы жакшырып кетеби деп күткөндүгү, же үй-бүлө мүчөлөрүнүн жумуштан кайтып келишин күткөндүгү менен түшүндүрүп жатышат. Көпчүлүк учурларда бала бир нече күн мурда эле ооруй баштаган болот»,- деп айтылат маалыматта.

Аталган оорукана дарыгерлер бул күндөрү дем алышсыз иштеп жатышканын билдирип, ата-энелерге кайрылды.

«Урматтуу ата-энелер, сураныч үй-бүлөлүк дарыгерлер менен дайыма байланышта болуп, балдар ооруп калбашы үчүн алдын алуу иштерин жасаңыз. Ооруканага чукул жана зарыл учурларда гана же дарыгердин көрсөтмөсү менен гана кайрылуу керек»,- деп билдирди мекеме.

Exit mobile version