Ушул жылдын үч айында 21,7 млрд сом салык чогулду

Ушул жылдын үч айында 21,7 млрд сом салык чогулду

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын январь-март айларында 21 миллиард 743 миллион сом салыктарды жана төлөмдөрдү чогулткан. План ашыкча 6,5%га же 1,3 млрд  сомго аткарылды. Бул тууралуу фискалдык органдын басма сөз кызматы билдирет.

2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,6 млрд сомго көп салык чогултулган, өсүү темпи 27,3% түзгөн.

«Ошол эле учурда республикалык бюджетке 17,1 млрд сом чогултулуп, план 104,4%га  же 717 млн ​​сомго ашыкча аткарылды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жыйымдар 3,9 миллиард сомго көбөйдү (өсүү темпи 129,6%)», — деп айтылат отчетто.

Жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөр 4,6 млрд сомду түзүп, план 114,9%га же 603 млн сомго ашыкча аткарылды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 757 миллион сомдон ашык чогултулган (өсүү темпи 119,5%).

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>