Ушул жылдын июль айында республикалык бюджеттин кассалык чыгашасы 10,5 млрд сомду түздү

Ушул жылдын июль айында республикалык бюджеттин кассалык чыгашасы 10,5 млрд сомду түздү

2019-жылдын июль айында республикалык бюджеттин кассалык аткарылышы 10 млрд 524 млн 190 миң сом суммасында ишке ашырылды. Бул тууралуу Каржы министрилигинин маалымат кызматы билдирди.

Анын ичинен бюджеттик уюмдарда иштегендердин маянасына – 2 млрд 307 млн 822,1 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө – 842 млн 61,3 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө – 4 млн 24,3 миң сом бөлүндү.

Андан тышкары товарларды жана кызматтарды пайдаланууга – 552 млн 501,7 миң сом, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга – 116 млн 434,3 миң сом, коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөөгө – 65 млн 397,9 миң сом, мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө 1 млрд 970 млн 186,4 миң сом каражат жумшалды.

Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча сарпталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>