Усубалиевди тааныбаганы үчүн “Таза-Нарын” муниципалдык мекемесинин жетекчисине сөгүш берилди

Усубалиевди тааныбаганы үчүн “Таза-Нарын” муниципалдык мекемесинин жетекчисине сөгүш берилди

Нарында мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевге окшош кишинин сүрөтү илингени үчүн “Таза-Нарын” муниципалдык мекемесинин жетекчисине катуу сөгүш берилди.

Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкуловдун айтуусунда, баннерге алгач Турдакун Усубалиевдин сүрөтү илингенин, кийинчерээк шамал учуруп кетип баннер алмаштырылган. Ошол себептен Усубалиевге окшош адамдын сүрөтү илинип калган.

«Усубалиевдин сүрөтүн баннерге чыгаруу үчүн интернеттен алыптыр. Интернеттен издегенде 5тей сүрөт чыгыптыр, ошонун арасынанан Усубалиевге окшош кишинин сүрөтүн алып чыгарып коюшуптур. Баннерге чыгарткан бала деле Турдакун Усубалиевди тааныбайт окшойт. Учурда алмаштырылды. Типография өз эсебинен чыгарып, элден да кечирим сурады», — деп шаар мэри маалымат бергенин жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>