“Уу-коргошундан” дары жасоону Садыр Жапаров атасынан үйрөнгөн

“Уу-коргошундан” дары жасоону Садыр Жапаров атасынан үйрөнгөн

“Уу-коргошундан” дары жасоону Садыр Жапаров атасы Нуркожодон үйрөнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелдеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров өткөн жылдын 2-мартында ошол убакыттагы президен Сооронбай Жээнбековго кат жолдоп, элди “Уу-коргошун” менен дарылоого чакырган.

“Кыргыз эли көп жылдан бери колдонуп келген “Уу-коргошунду” элге берсек, оору токтоп баштайт. Мен өзүмүн туугандарымы ушуну менен айыктырдым, мен ал кезде катардагы дарыгер болчумун жана Садыр Жапаров бул ыкманы колдонуп көрүүнү мага сунуштаган. Экинчи толкун болгондо жакындарыма берип, алар кайрадан айыккан.

Садыр Жапаровдун атасы Нуркожо президентке үйрөтүп кетиптир. Канча дозада бериш керек, кандай жасоо керектигин мага президент үйрөттү. 15 күндөн президент өзү бери бизге ыкмасын үйрөтүп жатат. Биз 3-5 литрдеги бөтөлкөлөргө куюп баруудабыз. Оорунун бир нече түрүнө даба болот”, — деди министр.

Ал ошондой эле бул каражат менен элдик медицинада кенен колдонулуп келгенин жана бүгүнкү күндө 300дөн ашуун адам коронавирустан айыкканын айтты.

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>