Site icon Reporter.kg

Уу-коргошунга ууланып ооруканага түшкөн бейтаптар үйүнө чыгарылды

Ысык-Көлдүн тамырына ууланып ооруканага түшкөн бейтаптар үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борборунан билдиришти.

20-апрелде Ысык-Көлдүн тамырын өз алдынча колдонгондон кийин төрт адамдын ууланганы белгилүү болгон.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров коронавирус инфекциясын Ысык-Көлдүн тамыры менен дарылоону сунуш кылган. Акониттин (уу-коргошун) дарылык касиеттерин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев тастыктады. ДССУ клиникалык сыноолордон өтпөгөн препарат каттоодон өтпөйт жана калк тарабынан кеңири колдонууга сунушталбайт деди.

Exit mobile version