Уулум мага жардам бере аласыңбы? Кызым төрөп жатат. Тыгында калган келинди милиция төрөтканага жеткирди

Уулум мага жардам бере аласыңбы? Кызым төрөп жатат. Тыгында калган келинди милиция төрөтканага жеткирди

Ош шаарында милиция кызматкери кызматтык унаасы менен кош бойлуу келинди төрөтканага жеткирди. Бул тууралуу өздүк булактар билдиргенин «turmush.kg» жазды.

Кечээ, 19-ноябрда кош бойлуу келин бара жаткан унаа тыгынга кабылган. Ошол учурда аны Ош ШИИБдин финансы-чарба бөлүмүнүн кызматкери, айдоочу Мырзабаек Сатиев кызматтык унаасы менен төрөтканага жеткирген. Маалыматты Мырзабек Сатиев өзү дагы тастыктады. Ал алгач кош бойлуу келиндин апасы жардам сураганын билдирди.

«Мен кызматтык унаа менен Ы.Монуев көчөсүндөгү Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын алдынан өтүп бара жатып, жол чыракта токтоп тургам. Ошол учурда бир эже келип, “уулум, мага жардам бере аласыңбы?” деди. “Макул, эмне болду?” деп сурасам, “кызым төрөп жатат, буту варикоз менен ооруйт, кан тамырлары жарылып кетиши мүмкүн. Төрөтканага тезирээк жетишибиз керек” деп калды. Көрсө алар артымдагы унаада келе жатышыптыр. Дароо келинди жана апасын унаама салып, Төлөйкөндөгү төрөт үйүнө жеткирдим. Алар тыгында көпкө кармалып калышыптыр. Байланыш номурун же атын сурап калбаптырмын. Жумуштарым көп болуп, шашып жүрдүм эле. Жеткирип коюп эле кеткем», — деди Мырзабек Сатиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>