Site icon Reporter.kg

UWW президенти Ненад Лалович УОКтун алтын медалы менен сыйланды

Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) президенти Ненад Лалович Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин Алтын ордени менен сыйланды.

Сыйлык тапшыруу аземи Бишкекте грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатынын ачылышынын алкагында өттү. Сыйлыкты УОКтун президенти Садыр Мамытов тапшырды.

«Алтын орден көп жылдык жемиштүү кызматташуу, олимпиадалык баалуулуктарды жайылтуу жана күрөштү жайылтууга жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылат», — деди Садыр Мамытов.

Алтын орден — спорттун өнүгүшүнө эң чоң салым кошкон инсандарга берилүүчү атайын сыйлык.

Exit mobile version