Site icon Reporter.kg

Уюшкан кылмыштуу топтон мыйзамсыз ок атуучу курал табылды

Милицияга Баткен шаарындагы үйдө жергиликтүү жашоочудан «баңгизатты мыйзамсыз сактап жүрөт»- деген маалымат түшкөн. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери баңгизатты мыйзамсыз сактоого шектелген жарандын өздүгүн такташкан. Шектүү мурда бир нече жолу соттолгон Баткен шаарынын жашоочусу 55 жаштагы А.Р. экендиги аныкталды. Жаран А.Р. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Анын үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда 12-калибрлүү ок атуучу курал, 9 бирдик патрон, 45 грамм марихуана табылды. Аныкталгандай, кармалган жаран опуза талап кылуу, ден соолукка атайылап оор зыйын келтирүү, бейбаштык жана башка беренелер боюнча он бир жолу соттолгон.

Азыркы учурда кармалган жарандын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгын тактоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Exit mobile version