Site icon Reporter.kg

Депутат: Уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган саясатчылар кимдер?

Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн каржылап жаткан саясатчылар бар деген маалыматтар чыкты эле, туурабы ошол? Мындай суроону бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевге узатты.

“Ооба, бизде дагы ошондой маалыматтар бар”, — деди ИИМдин өкүлү.

“Эгерде ошондой маалымат чыккан болсо, уюшкан кылмыштуу топторду каржылап жаткан саясатчылар кимдер?”, — деп сурады депутат.

Өз кезегинде Нурбек Абдиев: “Учурда бизде тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөө бүткөндөн кийин гана маалымат бере алабыз” – деди.

“Бул боюнча маалымат бербесек, “жарандар бизге кылмыш иши козголуп, кылмыш жообуна тартылышыбыз мүмкүн” деп кайрылышат. Бул дагы алдын алуу чараларынын бирине кирет. Ошондуктан биз жарандарга “уюшкан кылмыштуу топторго аралашпагыла, алар менен бизнес жүргүзбөгүлө” деген  эскертүүлөрдү берип турушубуз керек”, — деди ички иштер министринин орун басары.

Ошондой эле, ал тергөө иштери аяктагандан кийин уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган саясатчылар кимдер экенин ачыктарын белгиледи.

Эскерте кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлүп, дагы бир оор абалда ооруканага түшкөн. Бул окуяга байланыштуу кылмышты уюштурууга шектүү катары Кадыр Досонов кармалган. Ошондой, эле Эламан Коргонбай уулуАкылбек Раимберди уулуКурсантбек Шакир уулу жана Нурбек Чубаков издөөгө алынып, кармалышкан. Бул иш боюнча шектүү катары издөөгө алынгандардын бири — Актилек Абдивали уулу милицияга өз ыктыяры менен келип, сурактан кийин кое берилген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version