Узарбек Жылкыбаев «Республика» партиясынын тизмеси менен шайлоого аттанат. Бул тууралуу аталган партия расмий билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, Ош жана Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн мурдагы өкүлү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Узарбек Жылкыбаев Парламенттик шайлоого «Республика» партиясынын тизмеси менен бараарын жаштар менен жолугушуу учурунда айткан.
“Узарбек Жылкыбаевге окшогон жаш, күчтүү, тажырыйбалуу саясатчылардын биздин командага кошулуусу — бул жаңы күч, жаңы идеялар ошондой эле, өлкөбүдүн жана партиябыздын өнүгүшүнө импульс берет”, — деп айтылат маалыматта.