Site icon Reporter.kg

Узарбек Жылкыбаев «Республика» менен шайлоого аттанды

Узарбек Жылкыбаев «Республика» партиясынын тизмеси менен шайлоого аттанат. Бул тууралуу аталган партия расмий билдирүү таратты. 

Маалыматка ылайык,  Ош жана Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн мурдагы өкүлү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Узарбек Жылкыбаев Парламенттик шайлоого «Республика» партиясынын тизмеси менен бараарын жаштар менен жолугушуу учурунда айткан.

“Узарбек Жылкыбаевге окшогон жаш, күчтүү, тажырыйбалуу саясатчылардын биздин командага кошулуусу —  бул жаңы күч, жаңы идеялар ошондой эле, өлкөбүдүн жана партиябыздын өнүгүшүнө импульс берет”, — деп айтылат маалыматта.   

Exit mobile version