Site icon Reporter.kg

“Вакцина дагы Кытайдан келиптир” Коронавируска каршы эмдөөгө элдин пикири кандай?

Кийинки жуманын дүйшөмбүсүндө 29-мартта Кыргызстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө башталат.

Бул үчүн кытайлык SinoPharm компаниясынын 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцинасы алынып келинген.

Буга байланыштуу “Коронавируска каршы эмдөөдөн өтөсүзбү? ” деп элдин пикирин сурап көрдүк.

Вакцинаны алгачкы болуп саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алат.

Андан кийин “кызыл зонада”, бейтапканада, «Тез жардамда» иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделери күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 87 858 адам коронавируска чалдыкты, анын ичинен 1494 киши илдеттен каза болду.

Exit mobile version