“Вакциналар бизди жакындатат”. Кыргызстанда эмдөө жумалыгы башталды

“Вакциналар бизди жакындатат”. Кыргызстанда эмдөө жумалыгы башталды

Бүгүн, 26-апрелден баштап Кыргызстанда европалык эмдөө жумалыгы башталды. Бул тууралууу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Европалык эмдөө жумалыгынын негизги максаты — ооруну алдын алуу жана жашоону коргоо үчүн эмдөөнүн маанилүүлүгүнө көңүл буруу. Эмдөө жумалыгы өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлөт.

Ошондой эле пландуу эмдөөнү жайылтуудан тышкары, COVID-19 вакциналарына жана илдетке каршы «Вакциналар бизди жакындатат» ураан астында эмдөөгө көңүл бурлат.

“Коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу 18 жаштан 65 жашка чейинки жарандарды коронавируска каршы Sinofarm өндүрүшүндөгү вакцина менен эмдөө үчүн, эмдөө бөлмөлөрү менен катар 65 мобилдик бригада ишке тартылганын белгилей кетким келет”, — деген Алымкадыр Бейшеналиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>