Валентина Шевченко: Нуньес менен үчүнчү беттеш болуш керек

Валентина Шевченко: Нуньес менен үчүнчү беттеш болуш керек

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко эки дивизиондун чемпиону Аманда Нуньес менен үчүнчү ирет беттешкенге даяр. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

“Биз экинчи ирет беттешкенде мен баарын аткара алдым, калыстардын ага жеңишти ыйгаруусуна майда бөлүктөр себеп болуп калды. Мен ал беттешти талашсыз жеңгенмин деп ойлойм.

Үчүнчү беттеш алдынкы убакыттарда болушу керек. Эгерде баары ушул калыпта жылса, ал өз салмагында, мен да өз салмагымда мыкты болсом, анда үчүнчү ирет сөзсүз беттешебиз”, — деген Шевченко.

2016-жылы өткөн биринчи кармашында Нуньес калыстардын бирдиктүү чечими менен утуп алган. 2017-жылы орун алган экинчи кез келүүдө Нуньес упай артыкчылыктары менен жеңтшке жеткен.

 

Рубрики: СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>