Валентина Шевченко: UFC’де эже – сиңди Шевченколордун экөө тең чемпион болгонун көрөсүңөр

Валентина Шевченко: UFC’де эже – сиңди Шевченколордун экөө тең чемпион болгонун көрөсүңөр

Төртүнчү жолу чемпиондук наамын коргоп калган Валентина Шевченко  беттештен кийинки маалымат жыйын өткөрүп, ал UFC’нин Ютубдагы орус тилдүү каналына жарыяланды. 

Анда журналисттердин бири UFC 255 турниринде эжеси Антонина да жеңишке жеткенин айтып, анын чемпиондукка канчалык амбициясы жана кандай пландары бар экендигин сурады.

Ага Валентина Шевченко келечекте эже – сиңди Шевченколордун экөө тең чемпион болгонун көрөсүңөр деп жооп узатты. 

“Менин оюмча биз ал үчүн кандайдыр бир план иштеп чыгышыбыз керек. Бүгүн биз баарыбыз алгачкы жолу бир турнирде эже – сиңдилердин катышканына жана экөө тең жеңишке жеткенине күбө болдук. Мен ойлойм келечекте эже – сиңдилердин экөө тең UFC’нин чемпиондук куруна ээ болгонуна күбө болосуңар”, — деди Валентине Шевченко. 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>