Site icon Reporter.kg

Валерий Кичин оюн учурунда каршылашын сабап салды – видео

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин оюн учурунда атаандаш команданын оюнчусун сабап салды. Окуянын видеосу “Кароче” телеграмм каналына жүктөлдү.

Маалыматка караганда, оюн Орусиянын «Енисей» жан «СКА Хабаровск» командаларынын ортосунда болуп жаткан.

Интернетке тарган видеодон кыргызстандык футболчунун оюн учурунда каршылашын бетке чаап, андан соң көтөрүп чапканын көрүүгө болот. Жаңжал уланып кетпеши үчүн башка оюнчулар аларды ажыратып калган.

Белгилей кетсек, Валерий Кичин июнь айында Орусиянын «Енисей» командасы менен келишим түзгөн.

Exit mobile version