Site icon Reporter.kg

Валюта курсу. Доллар 1,5 мурдагы наркына түштү

19-июлга карата АКШ валютасы Кыргызстанда дагы 0,18 пайызга арзандады. Анын расмий наркын Улуттук банк жарыялады.

Доллар 84,9 сомдон сатып алынып, 84,8 сомдон сатылууда.

Белгилей кетсек, акыркы жолу АКШ валютасынын сомго карата наркы 2022-жылдын декабрь айында 84 сомго түшкөн. Негизи 2022-жылы валюта рыногу туруксуз болуп, 1 доллар 80 сомго түшүп, 96 сомго чейин көтөрүлгөн.

2021-жылы АКШ валютасы туруктуулукту кармап, 84 -84,9 өлчөмүндө сатылып турган.

Exit mobile version