Site icon Reporter.kg

Валюталар курсу: Доллар бир аз төмөндөдү

Улуттук банк 13-майга карата валюталардын сомго карата курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды.

Андагы маалыматка ылайык, сомдун долларга карата курсу 0,02%га төмөндөп, 82,6741 сомду түздү. Баарынан да улуттук валюта рублга карата 4,31% төмөндөп, 1,2424 сомго жетти

Акча алмаштыруучу жайлар жана коммерциялык банктар рублди 1,023 сомдон сатып алып, 1,600 сомдон сатууда. Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда  доллар 82-84 сомду түзүүдө. Ал эми коммерциялык банктарда доллар сатып алуу 83 сомдо 83, 20 сомго чейин.

Exit mobile version