Кечээ, 7-майда Ватиканда Рим папасын шайлоо процесси — конклав башталды. Жашыруун өтө турган конклавга Рим-католик чиркөөсүнүн 133 кардиналы катышууда. Бул тууралуу DW басылмасы жазды.
Кардиналдар Ватикандагы фрескалар менен кооздолгон Сикстин капелласында жашыруун добуш берүү менен жыйын өткөрүшөт. Купуялуулукту бузган ар бир адам автоматтык түрдө чиркөөдөн четтетилет. Жаңы папа шайланганын же шайланбаганын атайын мордон чыккан түтүн аркылуу билинет: кара түтүн — папа шайлана элек, ак түтүн — шайланды дегенди билдирет.
Конклавдын биринчи күнүндө, адатта, бир эле добуш берүү туру өтөт. Мурдагы папалар — Франциск, Бенедикт XVI жана Иоанн Павел II шайланган конклавдар эки-үч күнгө созулган. Тарыхтагы эң узак конклав XIII кылымдын экинчи жарымында болуп, дээрлик үч жылга созулган.
Рим-католик чиркөөсүнүн башчылыгына башкы талапкерлердин бири катары 70 жаштагы Ыйык тактынын мамлекеттик катчысы, кардинал Пьетро Паролин көрсөтүлүүдө. Ал буга чейин Ватиканда понтификтен кийинки экинчи маанилүү фигура болуп келген. Учурда Паролин эң көп аталып жаткан талапкер жана букмекердик кеңселердин да негизги фаворити. Ал акыркы 250 жылдагы италиялык папалардай эле Түндүк Италияда туулган.
Фавориттердин катарында дагы эки италиялык кардинал бар, алар да маркум Францисктин багытын колдошот:.Иерусалимдин латин патриархы, 60 жаштагы Пьербаттиста Пиццабалла жана Италия епископтор конференциясын жетектеген 69 жаштагы Болонья архиепискосу Маттео Мария Дзуппи.