Site icon Reporter.kg

Венада «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу боюнча форум өтөт

10-11-июнда Венада «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу боюнча эл аралык инвестициялык  форум өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, учурда курулуштун техникалык-экономикалык негиздеме жана каржы модели жаңыланууда.

«Жакында ИӨБ менен Энергетика министрлигинин ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча коммюникеге кол коюлганы кубандырат. Бул долбоор Борбордук Азия чөлкөмүнүн суу-энергетикалык балансын жакшыртуу үчүн эбегейсиз зор потенциалга ээ. Учурда Камбар-Ата ГЭС-1ди бир нече этап менен куруу пландалып, техникалык-экономикалык негиздеме жана каржы модели жаңыланууда. 2024-жылдын 10-11-июнунда Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушуна каржылоону тартуу максатында Вена шаарында (Австрия) эл аралык инвестициялык форум өткөрүлөт», — деди Акылбек Жапаров.

Exit mobile version