Site icon Reporter.kg

Венгрияда Кыргызстандын элчилиги ачылды

Бул боюнча Кыргыз президенти Садыр Жапаров тиешелүү буйрукка кол койгонун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта, саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүү үчүн ачылганы айтылат.

Министрлер кабинетине элчиликтин ишин уюштуруу жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүү тапшырмасы коюлду.

Имараты Венгриянын Будапешт  шаарында жайгашкан.

Exit mobile version